Радио

Касымбекова: адамга соцтармак аркылуу кайрылуунун да убактысы болот

SMM-адис Бегайым Касымбекова интернеттеги digital-этикет же болбосо санарип этикет түшүнүгүн ачыктап берди.
Sputnik
Кыргызстанда Facebook, Instagram платформаларынын колдонуучулары көп. Алсак, Facebook — олуттуу, саясий өңүттөгү маалымат алуу булагы. Ал эми Instagram тармагында фото, видео форматындагы көңүл ачуучу маалыматтар жайгашкан. Бул тууралуу Бегайым Касымбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Ал адамга социалдык тармак аркылуу кайрылуунун да убакыт-сааты болорун белгиледи.
"Учурда адамдар социалдык тармактарда өздөрүн ээн-эркин алып жүрө баштады. Бирок бул жерде да digital-этикет деген түшүнүк бар. Санарип-этикет — адамдардын социалдык тармактагы жүрүм-туруму. Мисалы, кайсы платформанын колдонуучусу болбосун, бейтааныш адамга дароо чалууга болбойт. Алгач текст түрүндө эмне үчүн кайрылып жатканыңызды жазып коюңуз. Ошондой эле аудиобилдирүү достор, туугандар же жакын тааныштар арасында гана колдонулушу керек. Социалдык тармак аркылуу кайрылуунун да убакыт-сааты болот. Жумуш убактысы бүткөн соң адамга иш боюнча кайрылуу адепсиздик болуп саналат. Эгер мессенжер аркылуу кимдир бирөө сизге кайрылганын көрсөңүз сөзсүз жооп берип койгон оң. Бошобой жатсаңыз кийинчерээк жооп берериңизди айтып, билдирүү калтырып коюшуңуз абзел. Пандемиядан соң көпчүлүк жолугушуу, жумуш, окуу онлайн форматка өттү. Этикет боюнча видеобайланышка да даярдык көрүп, интернетти текшерип, тынч бөлмөгө кирип алуу маанилүү", — деди Касымбекова.
Адис интернет колдонуучу жеке баракчасына жарыялаган посту (саясий көз караштагы) кийин жумушка орношуусуна тоскоолдук жаратпашы үчүн алды-артын ойлонуп жайгаштырууну сунуштады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: