ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды

Шектүү 2016-жылы эле эл аралык издөөгө алынган. Ал беш жылдан бери жакын тууганынын паспортун колдонуп, изин жашырып жүргөнү маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Москвада беш жылдан бери алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Жалал-Абадда туулган 41 жаштагы Э.О. колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аны ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен РФ ИИМнин аймактык бөлүмдөрү чогуу кармаган. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турары маалым болгон.
"Кармалган киши 2010-2013-жылдары 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелүүдө. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң доллардан ашат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал документтерди жасалмалап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн", — деп жазылган маалыматта.
Шектүүнү 2015-жылы Ош ИИБ издей баштаган, 2016-жылы мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Ал Москвада жакын тууганынын паспортун колдонуп, беш жыл таптырбай жүргөнү маалым болду.
Учурда кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аны Кыргызстанга которуу маселеси каралууда.