БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 2021-жылдын октябрь айында 1 миллиард 396 миллион 957 миң киловатт саатты түздү. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурду эске алып, калк жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.