Уулун тизесине отургузуп алып унаа айдаган ырчы. ЖКККББнын реакциясы

ЖКККББнын маалымат кызматы ырчынын бул видеосуна карата мыйзам чегинде чара көрүлө турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Дайыр Исмадияров кичинекей уулун тизесине отургузуп алып автоунаа айдаган видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, Исмадияровдун Instagram баракчасына 1 миллион колдонуучу катталган.