БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын № 29 Свердлов шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан Жогорку Кеңештин депутаты мандаты үчүн төрт жаран ат салышууда.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
Округга Свердлов району толугу менен, Октябрь районундагы № 1150, 1157 шайлоо участкалары кирет. Шайлоочулардын саны — 103 101.