Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттыкка аттанган талапкерлер. Тизме

Бул округда жалпы 109 309 шайлоочу бар. Эң көп добушка ээ болгон жети талапкердин бири Жогорку Кеңешке депутат болуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы №27 Биринчи май шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу шайлоо системасы менен Биринчи май округунан жети талапкер чыкты.
№27 Биринчи май шайлоо округунда жалпысынан 109 309 шайлоочу бар. Ага Биринчи май району толугу менен, Ленин районундагы №1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкалары кирет.