Ак-Суу шайлоо округунан ат салыша турчу талапкерлер. Тизме

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун № 35 Ак-Суу шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган округдагы шайлоого 11 талапкер катышат. Андагы шайлоочулардын саны — 118 миң 513.
Ак-Суу шайлоо округуна Каракол шаары толугу менен (№ 3131, 3132, 3161 шайлоо участкаларынын чек араларынан тышкары), Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалаң, Каракол, Кереге-Таш, Октябрь, Отрадное, Тепке, Теплоключенка, Эңилчек, Кара-Жал, айыл аймактары Түп районундагы Санташ, Карасаев, Арал, Михайловка, Ысык-Көл, Чоң-Таш, Талды-Суу, Кудургу, Ак-Булуң, Сары-Булак, Ак-Булак, Түп, Тогуз-Булак айыл аймактары толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны 118 миңден ашат.