Зулушев кыргыз прокурорлорун Түркиядагы курстардан окутууну сунуштады

Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун биринчи жыйынына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын башкы прокурорлору катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара Азербайжандын Баку шаарында өтүүдө.
"Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын башкы прокурорлору катышып, Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун кеңеши жөнүндө жобого кол коюшкан. Кеңештин негизги максаты — билим жана тажрыйба алмашып, башкы прокурорлордун ортосундагы достук мамилени, кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо", — деп айтылат маалыматта.
Мындан ары прокурорлордун балдары кыргыз тилинде тарбияланмай болду
Жыйындан кийин Зулушев Азербайжан жана Түркиянын башкы прокурорлору менен жолугуп, түркиялык кесиптешине Кыргызстандын прокуратура органдарында иштеген кызматкерлерин Түркиядагы прокуратура жана юстиция окуу жайларынын базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарында окутууну сунуштаган.
Мындан тышкары, тараптар эки мамлекеттин Башкы прокуратуралары ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумду биргеликте иштеп чыгып, ага жакын арада кол коюу тууралуу сүйлөшкөнү айтылды.
Түрк кеңеши — заманбап түрк мамлекеттерин бириктирүүчү эл аралык уюм. Анын башкы максаты — мүчө-мамлекеттердин ортосунда ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү. Түрк кеңеши 2009-жылдын 3-октябрында Нахичеван шаарында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө.