Жо Байден, Кейт Миддлтон. Жапаров Глазгодо кимдер менен жолукту? Сүрөт

Жапаров Глазго шаарына БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын королдук үй-бүлөсү уюштурган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, саммиттин алкагында Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын королдук үй-бүлөсү дүйнө лидерлерин кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров да барган. Падышанын үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды ханзаада Чарльз кабыл алды.
1 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров АКШ президенти Жо Байден менен
2 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон менен
3 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Германия канцлери Ангела Меркел менен
4 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен
5 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түштүк Корея президенти Мун Джэин менен
6 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Индия премьер-министри Нарендра Моди менен
7 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Франция президенти Эмманюэл Макрон менен
"БУУнун климат боюнча конференциясынын алкагындагы кечки сый кечеге башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты", — деп айтылат маалыматта.
Үргүлөп кеткен Байден. Глазгодогу саммиттен тартылган видео
Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жапаров салтанатта АКШ президенти Жо Байден, ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана башка лидерлер менен жолуккан.
Белгилей кетсек, Жапаров Глазго шаарына БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган.