Жайыл шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Жайыл шайлоо округуна эки шаар жана 20га чукул айыл аймак кирет. Шайлоочулардын жалпы саны — 99 663 адам.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун №22 Жайыл шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу шайлоо системасы менен Жайыл округунан сегиз талапкер чыкты.
Округга Кара-Балта шаары, Ак-Башат, Жайыл, Кара-Суу, Красный Восток, Кызыл-Дыйкан, Полтавка, Сары-Булак, Сары-Коо, Степное, Суусамыр, Талды-Булак, Сосновка айыл аймактары толугу менен, Панфилов районунун Кайыңды шаары, Вознесеновка, Курама, Күрпүлдөк, Орто, Фрунзе, Чалдыбар айыл аймактары толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны — 99 663 адам.