Капыстан көргөндөрдү чочутуп... Алп мышыктын автоунааны аласалдырган видеосу

OwlKitty YouTube каналынын авторлору Стивен Спилбергдин "Юра доорунун паркы" киносунда динозаврдын ордуна алп мышыкты тартканда картина кандай өзгөрүлмөк эле деген ойго кызыгып, атайын видео жасашкан.
Sputnik
Интернет-колдонуучулар блогерлердин идеясын жактырып, артисттик кылган мышыкка мыкты роль үчүн атайын сыйлык берүүнү кожоюнуна сунушташкан.
Алар тамаша-чын иретинде роликке "Юра доорунун паркы жөнүндөгү сонун фильм" деген аныктамасын да бергенге жетишкен.
Маалыматта роликтеги сүйкүмдүү мышыктын аты Лизза, Портлендде (АКШ) экени жазылган.
Буга чейин Лиззанын кожоюну аны "Гарри Поттер", "Такты оюну", "Титаник" жана башка атактуу сериал, фильмдерге тарттырган.