Өзбекстанда бейтааныш адам дагы орган донору боло алат. Мыйзам долбоору

Коңшу өлкөдөгү азыркы мыйзам боюнча, оорулууга өз органын ата-энеси, балдары, бир туугандары жана үч жылдан кем эмес расмий никеде турган түгөйү гана бере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. – Sputnik. Өзбекстанда орган алуу үчүн жакын туугандарды гана эмес, башка адамдарды деле донорлордун катарына киргизүүнү парламент депутаты Расул Кушербаев сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Өзбек парламентинде "Адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу болду.
"Эгер бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынса, бейтапка өз эрки менен органын берүүгө макул болгон ар бир жаран донор боло алат. Болгону макулдугун нотариалдык жактан күбөлөндүрүшү керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Коңшу өлкөдөгү азыркы мыйзам боюнча, оорулууга өз органын ата-энеси, балдары, бир туугандары жана үч жылдан кем эмес расмий никеде турган түгөйү гана бере алат.
Мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлдү.