Талас шайлоо округунан депутаттыкты мелжеген талапкерлер. Көбү бизнесмен

Бул округдагы шайлоочулардын саны — 80 433. Талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлер, калганы жумушсуздар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Талас облусунун №21 Талас шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан парламенттик шайлоого сегиз жаран аттанды.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
№21 округдагы шайлоочулардын саны — 80 433. Ага Талас шаары жана Талас району, Бакай-Ата районунун Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш айыл аймактары кирет.
Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алган талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.