БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Шаршембиде түштөн кийин Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Талас, Ысык-Көл жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, ал эми Нарын аймагында +6...+11 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ош калаасында +14...+16 градуска жетет.