Пушкин институту жыл ичинде эң көп колдонулган 10 сөздү атады

Институт жыл сайын "Жылдын сөзү" аттуу иликтөө жүргүзөт. Булак катары россиялык жана эл аралык ЖМКлардын материалдарын жана социалдык тармактардагы постторду карашат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Пушкин атындагы мамлекеттик тил институту "спутник" сөзүн жылдын сөзү деп атады. Бул тууралуу "Жылдын сөзү" долбоорунун илимий жетекчиси Михаил Осадчийге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Институт мындай иликтөөнү жыл сайын жүргүзөт. Булак катары россиялык жана эл аралык ЖМКлардын материалдарын жана социалдык тармактардагы постторду карашат.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы менен биринчи орунга "cпутник" сөзү чыкты. Ал 2021-жылы мурдагыга караганда тогуз эсе көп колдонулуп калганы белгилүү болду. Негизинен бул сөз коронавируска каршы Россия иштеп чыккан вакцинанын аталышы болгонуна байланыштуу көп пайдаланылды. Пандемия жана препараттын чет өлкөлөрдө көп талкууга алынышы сөздү бир топ популярдуу кылды", — деди Осадчий.
Москва: Sputnik радиосунда КМШ журналисттери билимин тереңдетүүдө. Сүрөттөр
Экинчи орунга "Афганистан" сөзү чыккан. Аны мурдагыдан 6,5 эсеп көп колдонуп калышты. Себеби айтпаса деле түшүнүктүү.
Андан кийинки орунга колдонулушу 5 эсеге өскөн "Түндүк агым" ("Северный поток") сөзү илинди. Төртүнчү орунда "каттоо" (перепись), бешинчи орунга "импичмент" сөздөрү татыды.
Булардан тышкары "QR-код" (төрт эсе), "антипрививочник" (үч эсе) жана "антиваксер" (2,7 эсе) сөздөрүн көп колдоно башташты.
"2021-жылы эң көп айтылган сөздөрдүн тизмесин "шайлоо" (выборы), "иштебеген" (нерабочий) жана "өлүм саны"(смертность) сөздөрү жыйынтыктады", — деди Осадчий.
"Шайлоо" (выборы) сөзү Россияда былтыркы жылдын ноябрь айында АКШ президенти шайланып жатканда өтө көп колдонулганы айтылат. Орус тилдүү коомчулук АКШдагы президенттик шайлоону Россиядагы парламенттик шайлоого караганда көбүрөөк талкуулаганы аныкталган.