Европадагы газга болгон баанын өсүшү Кыргызстанга таасирин тийгизбейт. Анткени өлкөгө белгиленген баа менен алып келинет. Бул тууралуу Арзымат Алдаяров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурунда белгиленген баа менен газ алууну сындагандар дагы болгон.
"Европада, дүйнөдө газга болгон баа өсүп жатат. Дүң наркы 1 000 кубу 2 миң долларга чейин чыгып кетти. Ал эми чекене мындан дагы кымбат болууда. Бирок биздин өлкөгө таасирин тийгизбейт. Анткени Кыргызстан — ЕАЭБдин мүчөсү жана Россиянын стратегиялык өнөктөшү. Мындан улам газ Кыргызстанга келишим боюнча белгиленген баа менен сатылат. Учурда газдын наркы 1 000 кубуна 150 доллар деп коюлган. 2020-жылы дүйнөлүк баа төмөндөгөндө өкмөт, коомчулук тарабынан бекитилген баа менен эмес, базар наркына өтөлү деген таризде маселе көтөрүлгөн. Учурда белгиленген баа менен алуу туура экенин түшүнүүдөбүз. Анткени базар баасына өтө турган болсок, бүгүн 1 000 кубуна 400-500 долларга чыгып кетмек", — деди Алдаяров.
Ошондой эле газга болгон чекене баа доллардын сомго карата курсуна жараша болорун кошумчалады.