Ноокен шайлоо округунан жарышка чыккан талапкерлер. Тизме

Ноокен шайлоо округунда шайлоочулардын саны 95 миң 129 адамды түзөт. Беш талапкердин эң көп добуш алганы парламентке эл өкүлү болуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №16 Ноокен шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган округда беш талапкер өздөрүн көргөздү. Алар БШКдан каттоодон өтүп бюллетенге кирди.
Ноокен шайлоо округуна Майлуу-Суу шаары толугу менен жана Ноокен районунун Кочкор-Ата шаары, Арал, Бүргөндү, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды, Шайдан, Достук айыл аймактары кирет. Шайлоочулардын саны 95 миң 129.