Окуучулар 8-ноябрдан тарта эс алат. Кышкы жана жазгы каникулдун күнү өзгөрдү

Балдар кийинки жумадан тарта эс алат. 6-7-ноябрь ишемби, жекшембиге туура келгендиктен 8-ноябрдан тарта каникул башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мектептерде I чейрек 5-ноябрда аяктап, балдар 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги эскертти.
Белгилей кетсек, 6-7-ноябрь ишемби, жекшембиге туура келет. Балдар ошондуктан 8-ноябрдан тарта каникулга чыгышат.
Ал эми 15-ноябрда II чейрек башталат.
Графикте кышкы жана жазгы каникулдарга өзгөртүү киргизилген.
Министрлик мектептеги доскада жазылган "ката" боюнча түшүндүрмө берди
Кышкы каникул 12 күн болот. Эс алуу 31-декабрдан 11-январга чейин созулуп, сабактар 12-январда башталат. Буга чейин 1-10-январь күндөрү деп айтылган.
Ал эми балдар жазында 10 күнгө тарайт. Каникул 21-марттан 30-мартка чейин болуп, cабактар 31-мартта башталат. Ага чейин 21-27-март күндөрү каникул болору айтылган.
1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир апталык каникул берилет.
2021-2022-окуу жылында менчигинин түрүнө карабай жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.
Эске салсак, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталды.
Бардык каникулдардын датасын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган календардан көрө аласыздар.