Манас шайлоо округунан талапкерлер. Тизмеде экс-спикер, машыктыруучу бар

Бул аймакта бир мандаттуу шайлоо системасы менен 82 676 шайлоочунун добушун алуу үчүн алты талапкер ат салышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Талас облусунун №20 Манас шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймакта парламенттик шайлоого алты талапкер аттанды.
Алардын материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
№20 шайлоо округундагы шайлоочулардын саны — 82 676. Ага Кара-Буура жана Манас райондору толугу менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Боо-Терек, Бакай-Ата, Миң-Булак, Оро айыл аймактары кирет.
Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алган талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.