Кыргызстандык беш балбан U23 дүйнө чемпионатында бүгүн килемге чыгат

Быйыл 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бүгүн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык беш балбан килемге чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Волейболчу кыздар Азиянын аймактык чемпионатынан коло байгелүү болду. Сүрөт
72 килограммда Ийгилик Сатымкул уулу да баштапкы этаптан тарта күрөшөт. Анын атаандашы азербайжандык Ульви Ганизаде болмокчу.
Бексултан Назарбаев (82 килограмм) сербиялык Бранко Ковачевич менен 1/8 финалда кезигет. Ал эми 97 килограмм салмакта Данияр Шеримбеков мелдештин квалификациялык этабында болгар балбаны Марьян Маринов менен күч сынашат.
2021-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Кечээ кыргызстандык үч балбан мелдешке чыгып, ийгилик жарата алышкан жок.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.