Козуев Алишер Абибиллаевич — өмүр баяны

Алишер Козуев 1984-жылы 10-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мамажан айылында туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин "чет тили жана адабияты" адистиги боюнча, Ош мамлекеттик университетин "экономика жана ишканаларды башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
2002-2011 ― "Самидин" дыйкан чарбасында башкы инженер, агротехник;
2011-2017 ― күйүүчү майларды чекене жана дүңүнөн сатуу боюнча ишкерлик кылган:
2017 ― "РОССИЯ Нефть" ЖЧКсын негиздеген.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты