Кара-Балтада маршруткачылар нааразылык акциясын токтотуп, ишке чыгышты

Кечээ, 1-ноябрда, жүргүнчү ташыган маршруткалардын айдоочулары Кара-Балта шаарынын борборунда акция уюштурушкан. 90 кичи автобустун бири да линияга чыккан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кара-Балтада маршрутка айдоочулары нааразылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Абсолют авто" ЖЧКсынын аткаруучу директору Искра Лю билдирди.
Анын айтымында, бардык транспорт линияга чыкты.
"Тариф маселеси кайрадан каралат. Кечээ айдоочулар менен кечке чейин сүйлөшүүлөр болду. Бүгүн баары ишке чыгышты", — деген ал.
Бишкекте эртеңден тарта жол кире кымбаттайт. Ким канча төлөйт
Кечээ, 1-ноябрда, маршруткачылар иш таштаган. Каттамдагы 90 унаанын бири да линияга чыккан эмес.
Айдоочулар тарифти көтөрүү боюнча шаардык кеңештин чечимине нааразы болууда. Жол кире 1-ноябрдан тарта 13 сомго жогорулап, майыптар, пенсионерлер жана окуучулар үчүн мурдагыдай эле 7 сом бойдон калган. Мурда калаада 10 сом болчу. Айдоочулар аны 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.