БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Инфаркттын эң эрте сезилген учурлары жүрөк тушундагы оору болушу мүмкүн. Бул туурасындагы жүрөк кан тамырлары хирургу, флеболог Тахир Ярахмедов айтып бергендигин Sputnik радиосу билдирди.
Анын айтымына караганда, жүрөктүн оорушу тууралуу белгилердин ичинен биринчи иретте жогорудагы айтылган нерсеге көңүл буруу керек.
Адис көкүрөк туштагы оору дайыма эле кардиология боюнча боло бербеши, ал башка илдет жөнүндө коңгуроо кагышы мүмкүн экендигин да билдирди.
"Жакшылап көңүл буруп байкаштырып, чын эле жүрөк оорубу же жокпу, божомолдоого болот. Андай болгондо алгач (жүрөк) кысып, мыкчыгансып жана ысытып, күйүгүзүп кеткенсип ооруйт. Кээ бир учурда жанды кыйнап жиберсе, кээ бир учурда көп байкалбайт. Бир эле жердин кечке ооруй бериши илдет туурасындагы дагы бир тастыктама. Биринчи иретте көкүрөктүн ортосунан башталат. Оору сол ыптага: колго, далыга, моюнга, ал тургай ээкке берет", — деп сүрөттөгөн дарыгер.
Ярахмедовдун айтымында, мындай учурда бейтап кайсы жери ооруп жатканын так көрсөтүп бере албайт.
Оорунун канчага чейин созуларына көңүл буруу керек. Эгерде кишини кыжалат кылып, жалпы ал-абалга таасир берип, бир нече мүнөттөн жарым саатка чейин кетпесе, анда ал жүрөктө кандайдыр бир маселе бар деген белги.
Адис жүрөктүн илдетин электрокардиограмма менен так аныкташ үчүн оору кармаганда тартыш керектигин айткан.
Буга чейин Ломоносов атындагы медициналык билим берүү борборунун бөлүм башчысы, аритмолог Андрей Ардашев профилактика иретинде кардиологго жылына бир ирет барып, электрокардиограмма (ЭКГ), ЭХО-ЭКГ жана зарыл болсо ЭКГнын холтердик мониторун (ХМ ЭКГ) жасатып турууну эскерткен.