Социалдык тармактагы маалыматтарга караганда, жылмайткан окуя Африкадагы жаратылыш парктарынын биринде болгон.
Кадрдан 40-45 килограммга жакын салмактагы импаланы өлтүрүп, тиштеген тейде кыйналып жатып бактын башына чыгып кеткен кабыландын баласын көрүүгө болот. Олжосун ал тургай энесине да бергиси келбей, бооруна бекем басып, бактын сөңгөгүндө боортоктоп турганы кадрга түшүп калган. Видеого караганда, бир нече ирмем үргүлөп, тук этип алгандай да элес калтырды.
Турист кыз обочодо туруп, эки жырткычтын ар бир кыймылын калтырбай камерага тартып алган. Энесинин импаланын салаңдап турган шыйрагын тиштегени баласына жаккан эмес. Өйдөлөп чыгып, акыры антилопаны бутакка арта салып жей баштаган. Бул учурда эне кабылан жерге түшүп, бактын түбүндө кыязы, өйдө жактан жалбырактарга тамган канды жыттап, жалап-жуктап жаткан. Бир учурда тажрыйбасыз жырткыч тамагын шыйрак жагынан жеп баштап, тең салмаксыз абалдагы антилопа ылдый көздөй кулаган. Капыстан түшкөн коркунуч баш жагын басып калган эне кабылан чочуп кетип, так түйүлө четке чыга берип, олжону көрүп, кайра кайрылганы менен видео аяктаган.