БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 98 киши жуктуруп, бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми айыгып чыккандардын саны ооруп калгандарга караганда азыраак, тагыраагы, өткөн суткада 79 киши вирусту жеңе алды.
Оору төмөнкү аймактардан чыкты:
Пандемиядан бери коронавирусту 181 425 адам жуктурса, анын ичинен 175 795 киши айыгып чыккан.
Акыркы 24 саат ичинде COVID-19дан эки бейтап көз жумду, экөөнүн тең вакцина албаганы айтылды. Ошентип бул жугуштуу дарт жалпы 2 674 адамдын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 681, ал эми амбулатордук түрдө 752 адам дарыланып жатат.