Бишкектин чыгыш тарабынан кара түтүн чыгып жатат. ӨКМдин түшүндүрмөсү

Жарыяланган кадрдан борбор калаанын чыгыш тарабындагы Осмонкул көчөсүнөн кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Соцтармактын колдонуучулары Бишкектин чыгыш тарабынан кара түтүн чыгып жатканын жазып, видеосун жарыялашты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы ӨКМдин маалымат кызматына кайрылды. Алар өрткө каршы машыгуулар өтүп жатканын билдирди.
Атайылап өрттөлгөн жер Осмонкул көчөсүнүн аймагында жайгашкан (Чүй проспекти менен кесилишкен жерге жакын).