Бишкекте жарнамалык башаламандыкка жол берилбейт! Мэриянын кайрылуусу

Чарба субъектилерин жарнамалагысы келген тараптарга "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинен уруксат кагазын алуу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өз алдынча коюлган жарнамалык баннерлер, конструкциялар алынып жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет чарба субъектилеринин ээлерин мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды так сактап, өз алдынча коюлган жарнамалык конструкцияларды алып салууга чакырат.
Ал эми жарнамалык материалдарды орнотуу үчүн "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинен уруксат кагазын алуу сунушталат (дареги: Чокморов көч., 185. 45-68-09, 45-68-27).