Аксы шайлоо округунан жарышка аттанган талапкерлердин тизмеси

Бул округдагы шайлоочулардын жалпы саны 80 516ны түзөт, ага Аксы району толугу менен кирет. Башка аймактар кошулган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №17 Аксы шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймакта Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алуу үчүн алты адам ат салышууда.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номери менен дал келет.
№17 шайлоо округундагы шайлоочулардын жалпы саны 80 516ны түзөт, ага Аксы району толугу менен кирет.
Эң көп добуш алган талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.