Климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү, экологияны коргоо боюнча өлкөдө жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу абзел. Мындай пикирин Чынтемир Калбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында аймактарда экологиялык жана санариптик жөндөмдөрдү өздөштүрүү максатында "Жаштар кербени" уюштурулууда.
"Учурда экология маселеси дүйнөдө орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Шаарларда унаалардын көптүгү, көмүр отунунун арбын колдонулушу, ал эми аймактарда мөңгүлөрдүн эриши, жайыттардын тартыштыгы, жер кыртышынын бузулушу сыяктуу олуттуу көйгөйлөр бар. Андыктан климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү, экологияны коргоо боюнча өлкөдө жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы күч. Ага байланыштуу аталган көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын потенциалын көтөрүү максатында Кыргызстандын аймактарын кыдырып, маалыматтык кампания уюштурулууда", — деди Калбаев.
Ошондой эле адис экологиялык билим боюнча Кыргызстандын бардык региондорун камтыган иш-чаралар уюштурула тургандыгын кошумчалады.