Волейболчу кыздар Азиянын аймактык чемпионатынан коло байгелүү болду. Сүрөт

Кыргызстан жарым финалда Казакстанга 3:2 эсебинде жеңилген. Ал эми үчүнчү орун үчүн кармашта Тажикстандын командасын 3:1 эсебинде утуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча 19 жашка чейинки кыздар курама командасы Азия аймактык чемпионатында үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 26-30-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн. Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.
"Командалар бири-бири менен беттешип, Кыргызстан жарым финалда Казакстанга 3:2 эсебинде жеңилген. Ал эми үчүнчү орун үчүн кармашта Тажикстандын командасын 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду", — деп билдирди Спорт агенттиги.
Турнирдин жыйынтыгы менен курама команданын мүчөсү Айтурган Айтбекова "Мыкты диагоналчы", ал эми Нургазы Көкчолоков "Мыкты калыс" наамына ээ болду.
Курама команда турнирге башкы машыктыруучу Нурланбек Тойчубековдун жетекчилиги алдында катышкан.