Коронавируска каршы вакцинанын үч дозасын кимдер алышы керектиги айтылды

Эксперттин айтымында, эмдөөдөн кийин улгайган бейтаптардын организминде антителолордун саны тез азаят. Ошондуктан вируска туруштук берүүгө иммундук жооп жетишсиз болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Өнөкөт оорулар менен жабыркаган 60 жаштан ашкан кишилер коронавируска каршы вакцинанын үч дозасын алышы керек. Бул тууралуу дарыгер жана алып баруучу Александр Мясниковго таянып РИА Новости жазды.
Мисал катары ал "Спутник V" вакцинасын айткан. Ал эми үчүнчү доза катары, тагыраагы, жарым жылдан кийинки эмдөөгө "Спутник Лайтты" сунуштаган.
Адис: "дельта" штаммынын адамдын үнүн бузуп койгон учурлары катталууда
Эксперттин айтымында, эмдөөдөн кийин улгайган бейтаптардын организминде антителолордун саны тез азайып кетет. Ошондуктан вируска туруштук берүүгө иммундук жооп жетишсиз болушу мүмкүн.
Мясников коронавирус боюнча жалпы сунуштардын ичине 60 жаштан ашкан өнөкөт оорулары бар адамдарга ревакцинацияны киргизүү маанилүү деп эсептей турганын кошумчалаган.
Ошондой эле ал вирустук инфекциядан коргонуунун эң натыйжалуу жолу вакцина экенин белгилеген.