Токторбаев Жеңишбек Шермаматович — өмүр баяны

Жеңишбек Токторбаев 1968-жылы 14-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. Украинадагы Хмельницкий технологиялык институтун "инженер-механик" адистиги боюнча бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча сырттан билим алган. ИИМдин кадрларды даярдоо борборунда "укук таануу" адистиги боюнча толук курсту аяктаган.
Эмгек жолу;
1986-1988 ― Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1992-1993 ― Жалал-Абад алкоголсуз сыра бирикмесинде микробиолог;
1994-2003 ― ишкердик менен алектенген.
2004-2005 ― Жалал-Абад шаарынын "Достук" коомдук территориялык башкармалыгынын башчысы, "Жеӊиш-Достук" кайрымдуулук фондунун түзүүчүсү жана жетекчиси;
2004-2008 ― Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты