БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Тогуз талапкер бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер катталган. Анын ичинен тогузу шайлоого баруудан баш тартты.
Муну менен парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан бара жаткан талапкерлердин саны 312 болуп калды.