Садыр Жапаров Глазгодогу климаттык саммиттин ачылышына катышты

Саммит алкагында Глазго калаасында Садыр Жапаровдун эртең, 2-ноябрда, кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлеринин, эксперттер, өкмөттүк аткаминерлердин катышуусунда өткөн Улуу Британиядагы эң ири саммит болуп калары белгиленди.
Администрация Жапаров Глазгого учак жалдап кеткенин тастыктап, себебин айтты
Саммит алкагында Садыр Жапаров эртең, 2-ноябрда, кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө. Маалымат кызматы президент иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолору айтылган.
Жапаров бүгүн саммиттин алкагында Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Армения жетекчиси Армен Саркисян, Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ислам банкынын жетекчиси Мухаммадом бин Сулейманом Аль-Жассир менен жолуккан.