Россия Афганистанга гуманитардык жардамын улантарын Лавров айтып берди

Россиянын тышкы саясат боюнча ведомство жетекчиси Москва эл аралык гуманитардык уюмдарга Афганистанда иштөөгө уруксат алыш үчүн "Талибан"* менен сүйлөшүүгө жардамдашып жаткандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Россия Афганистанга азык-түлүк, дары-дармек түрүндө гуманитардык жардам берүүсүн улантат. Бул тууралуу РФтин МИД жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости "Россия 24" телеканалына шилтеме кылып жазды.
"Өзүбүз да белгиленген жардамды кылып, ал жакка дары-дармек, тамак-аш жеткирүүдөбүз, мындан сырткары, Борбор Азия мамлекеттери да жеткирип жатат", — деген Лавров.
Текшерип албайт белеңер. Лавров афган качкындары боюнча Батыштын кадамын сындады
Ал Россия эл аралык гуманитардык уюмдарга Афганистанда иштөөгө уруксат алыш үчүн "Талибан"* менен сүйлөшүүгө жардамдашып жаткандыгын кошумчалады.
"Гуманитардык жардамды азыр бериш керек, батыш өлкөлөрү тиешелүү төлөмдөрдү кантип жасап баштаганын көрүп жатам. Маселе жардамды кантип бөлүштүрүп берүү керектигинде болууда, себеби көптөр аны өкмөткө тапшыргысы келген жок, эл аралык уюмдарга өткөрүп берүүнү каалап жатат", — деди ТИМ жетекчиси.
Министр мунун да жөнү бар деген пикирин билдирген.
"Андыктан биринчи иретте гуманитардык уюмдарга тиешелүү иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн Кабулдун азыркы бийлиги менен макулдашканга жардам кылып жатабыз", — деген Лавров.
Буга чейин Лавров афган качкындары боюнча сөз кылып, Батыш Борбор Азия мамлекеттерине ашыкча жүк жаратып жаткандыгын айткан эле.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм