БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Москва үчүн Афганистан менен чектешкен мамлекеттерде абалдын туруксуздашып кетишине жол бербөө мааниге ээ. Бул туурасында Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости "Россия 24" телеканалына шилтеме кылып жазды.
"Ири алдыда кошуна өлкөлөрдөгү абалдын туруксуздашып кетишине — Афганистандан террордук жана баңги коопсуздугунун "агып келишине" жол бербеш керек. Бул коркунучтарды Афганистандын өзүнүн ичинде басып жок кылуу зарыл", — деген министр интервьюсунда.
Ал Борбор Азия мамлекеттериндеги тынчтык Россия үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилеген.
"Себеби борбор азиялык союздаштар менен биздин эч кандай чек арабыз жок, дээрлик бардыгы менен визалык режим түзүлгөн", — деген Лавров.
2021-жылдын сентябрынын башында Афганистанда жаңы бийлик орноп, убактылуу өкмөттүн келгенин жар салышты. Учурда өлкөнү "Талибан"* бийликке келгенде ортодо ТИМ башчысы боло калган, 2001-жылдан бери БУУнун санкциясындагы Мохаммад Хасан Ахунд башкарууда.