“Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” талапкерлери. Тизме

Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 54 талапкер бар. Алардын эң улуусу 74 жашта болсо, кичүүсү 25 жашта.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы шайлоого катыша турган партиялардын талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында ар кыл кесип ээлери бар. Көпчүлүгү жеке ишканалардын директорлору жана футбол машыктыруучулары. Ошол эле учурда тизмеде ишсиздер дагы аз эмес.