Кыргызстандыктар банкка салган каражат бир жыл ичинде 40 млрд. сомго өстү

Улуттук банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Кеп жеке жана юридикалык жактар салган каражат жөнүндө болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир жыл ичинде банкка салынган депозиттердин көлөмү 40 миллиард сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акчалар да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.
Электрондук алтын деген эмне? Кыргызстанда кантип пайда көрсө болот
Акыркы маалыматтар боюнча, сентябрь айынын аягында депозиттердин көлөмү 211 миллиард 830,5 миллион сомго жеткен (ага чейинки айга салыштырмалуу 5 миллиард сомго көбүрөөк). 2020-жылдын сентябрь айында 171,2 миллиард сомду түзгөн.
Былтыркы жылдын соңунда аманат акчалардын саны дээрлик 181 миллиард сомго жетип, июнь айында 200 миллиарддан ашкан.