Радио

Орозалиева: кыргыздар сарамжалдуулукка чоң маани беришкен

Кол өнөрчү, салттуу билимдерди алып жүрүүчү Бүкадича Орозалиева кыргыздын улуттук философиясындагы сарамжалдуулукка жана ысырапкорчулукка болгон мамилеси тууралуу баяндады.
Sputnik
Кыргыз азга топук кылып, "каниет карынды тойгузат" деген түшүнүк менен жашаган. Эч убакта өзүнөн артып калар оокат-аш, буюмга жулунган эмес. Мындай түшүнүктү ач көздүк катары баалаган. Бул тууралуу Бүкадича Орозалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көчмөн калктын күнүмдүк жашоосунун ар бир кыймылында сарамжалдуулук байкалып турган.
"Биздин бала кезибиз Совет доорунун согуштан кийинки жылдарына туш келди. Ошондо деле кыргызда көчмөн элинин сарамжалдуулугу байкалып турчу. Эл ата-бабадан келе жаткан үрп-адат, салт-санаасы менен балдарын тарбиялачу. Сарамжалдуулук десе бир эле үнөмдөө эмес, табиятка, жаратылышка, айлана-чөйрөңө этият мамиле кылуу, адам болобу, жаныбар болобу, башкага зыяныңды тийгизбей жашоо деп түшүнүү керек. Кыргыз муну өз жашоосунда өтө бийик деңгээлде колдончу. Мисалы, күлдү төгөрдө жайлоодо болсок "эски ийинге төккүлө, жаңыга төгүп жаныбарга зыян кылып албагыла" деп эскертип турушчу. Ал эми элетте күлдү төккөн соң таш бастырып койгула, чаңы сапырылып абаны булгайт дешчү. Кийимди катуу жулмалабай сылап жуугула, күнгө кактап койбой ным кезинде көлөкөгө кургаткыла деп үйрөтүшчү. Тамак ичип болгон соң түбүнө калып калса "балам, кыргыз идишти имерип ичет" деп жук калтырбай түгөтүп, анан дароо жууп коюш керектигин айтышчу. Айтор, кыргыздын жашоосу ысырапкорчулукту терс кабыл алчу. Оокат-аш аларда өзүнө жетерин гана алып, ашыкчасына көз артчу эмес. Ушунун берекесин берсин, каниет карынды тойгузат деп топук кылууга көндүрүшчү, — деди Орозалиева.
Ал учурда бардар жашоо болсо да эл каниет кылганды унутуп баратканын айтып кейиди.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: