"Күчтүү регион" партиясынын тизмеси. Талапкерлердин баары жумушсуз

"Күчтүү регион" партиясы башкалардан айырмаланып тизмесине 30 гана адамды киргизген. Тизмедеги талапкерлердин дээрлик баары эч жерде иштебей тургандыгы көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын курамындагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. Анда ар бир талапкердин аты-жөнү, туулган жылы жана иштеген жери жазылган.
Sputnik Кыргызстан "Күчтүү регион" партиясынын тизмеси менен тааныштырат.
Аталган саясий уюм курамына 30 гана адамды чогулткан. Талапкерлердин дээрлик баары эч жерде иштебей тургандыгы көрсөтүлгөн.