COVID: бир киши көз жумуп, 68 адам жуктурду. 1-ноябрдын статистикасы

Бүгүнкү күндө расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1400дөн ашуун адам коронавируска чалдыгып, үйдө жана ооруканада дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 68 киши жуктуруп, бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Ал эми айыгып чыккандардын саны ооруп калгандарга караганда эки адамга көп болуп, 70 кишини түзгөн.
Оору төмөнкү аймактардан чыкты:
ДССУ башчысы ооздуктоого мүмкүн болбогон жаңы вирус тууралуу эскертти
Республикалык штабдан өткөн суткада COVID-19дан көз жумган бейтаптын вакцина албагандыгын айтты. Бул жугуштуу дарт жалпы 2 672 адамдын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 709, ал эми амбулатордук түрдө 707 адам дарыланып жатат.