Кара-Балтада маршрутка айдоочулары иш таштады. Видео

Жалпысынан тогуз каттамдагы 90 кичи автобус жумушка чыккан эмес. Алар жол кирени 15 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаарында маршрутка айдоочулары иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, айдоочулар жол кире акысын 13 сомдон 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда.
Алардын айтымында, тапкан акчасы күйүүчү май, тамак жана унаа тетиктерине эле кетип жатат.
Жалпысынан тогуз каттамдагы 90 кичи автобус жумушка чыккан эмес. Учурда айдоочулар менен жергиликтүү бийлик акимчиликтин имаратында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду.