Үргүлөп кеткен Байден. Глазгодогу саммиттен тартылган видео

АКШ президенти саммитте улам уктап кетип жаткан видеону миллиондон ашык интернет колдонуучулар көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден эл аралык ири иш-чарада отуруп, улам үргүлөп кетип жатканын The Washington Post басылмасынын журналисти Зак Браун коомчулукка таратты.
​ЖМКлар Улуу Британиянын Глазго шаарында өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясында отурган АКШ лидерин видеого тартып алышкан.
"Байден башкалар сүйлөп жатканда уктап кетти окшойт", — деп жазган Браун өзүнүн твитинде.
Видеону 1,1 миллиондон ашуун киши көрүп, 11 миңден арбыны "жакты" деген белгини койгон.
Кадрдан Байдендин улам үргүлөп кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Көзүн жумуп алып, эки колун кайчылаштырып отурган мамлекет башчысынан жанына келген жардамчысыбы же персоналдарынын бириби, айтор "ойготуп", бир нерсени сурап жатканы кадрга түшүп калган.
Садыр Жапаров Глазгодогу климаттык саммиттин ачылышына катышты
Интернет колдонуучулардын бир катарлары ал жаш эместигин, улгайып калган куракта мамлекетти башкаруу кыйын болорун жазган.
Глазгодогу бул саммит эң чоң иш-чаралардын бири катары эсептелип калары айтылууда. БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясына, дүйнө лидерлеринин саммитине 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлери, эксперттер, өкмөттүк аткаминерлер катышууда.
Бул иш-чарага Кыргызстандын атынан президент Садыр Жапаров да барган. Ал бүгүн саммиттин алкагында Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Армения жетекчиси Армен Саркисян, Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ислам банкынын жетекчиси Мухаммадом бин Сулейманом Аль-Жассир жана дагы бир нече адамдар менен жолуккан.