Бензин кымбаттап, евро арзандады. 1-ноябрга карата доллардын курсу

Sputnik Кыргызстан күн сайын негизги валюталардын курсу, күйүүчү майдын наркы жана алтын куймалардын баасы тууралуу маалыматтарды чагылдырып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Дем алыш күндөрү доллардын курсу дээрлик өзгөргөн жок. Евро бир аз арзандаса, күйүүчү май кымбаттап, алтындын наркы түшкөн.
Жума күнгө салыштырмалуу акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда долларды сатып алуу бир тыйынга түшсө, сатуу ошол бойдон калган. Учурда долларды 84,7 сомго сатып алып, 84,9 сомдон сатып жатышат.
Улуттук банк 50 млн. доллар сатып, жарым жылдын ири интервенциясын жасады
Ал эми евро кыйла арзандай түшкөн. Азыр сатып алууда 97,42 сом, ал эми сатууда 98,87 сом болууда. Теңге менен рублдин курсу билинер-билинбес гана өзгөргөн.
"Газпром нефть Азия" май куюучу түйүндөрүндө АИ-92 маркасындагы бензин бир тыйынга кымбаттаган.
Алтын куймалардын айрым түрлөрүнүн наркы сезилерлик арзандаган. Маселен, бир граммдыгы 93,5 сомго түштү.