"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн дирекция түзүлөт. Милдети

Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту топтоонун аянтчасы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлөт:
"Ишкердик борбор Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбор Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту топтоонун аянтчасы болот.