Бишкектеги Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө 3 күн бою газ жок болот

Ленский, 50 көчөсүндө жайгашкан жер алдындагы газ түтүгүн оңдоо иштери аткарылары кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө 2-5-ноябрь аралыгында газ өчөт. Бул тууралуу Бишкек мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, газ Ленский, 50 көчөсүндө жайгашкан жер алдындагы газ түтүгүнүн оңдолушуна байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.
"Фучик, Ленский жана Сергей Лазов көчөлөрү менен чектешкен аймактагы 20 абонент убактылуу көгүлтүр отсуз калат", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкекгаздын" филиалы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.