БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Банктык карталардан акча уурдаткан учурлар жок эмес. Мындай кырдаалга кабылбаш үчүн кандай аракеттерди көрүү керек экендигин "Прайм" агенттигине бизнести өнүктүрүү боюнча менеджер, финансылык коопсуздук боюнча адис Анна Михайлова айтып берди.
"Банктык картадан шылуундар акча уурдап албаш үчүн, биринчиден, кайсы бир мөөнөттө мынча сумма гана чыгарууга болот деп чек коюп коюу керек. Андан ашыгын банк эч качан бербейт. Экинчиден, төлөп жатканда негизги сумма сакталып турган картаны колдонбош керек", — деди адис.
Ошондой эле интернет шылуундар банктык эсепке анын ээсинин смартфону аркылуу кире алары айтылат.
"Учурда көпчүлүк интернет банкингди колдонгондуктан, ал аркылуу банктык эсепке жетип алуу оңой. Ошондуктан телефонду чоочун адамга карматпаш керек. Мындан тышкары, смартфонго күмөн санаткан тиркемелерди көчүрүп албагыла", — деди Михайлова.
Ошондой эле адис банктагы акчанын абалын билип туруу үчүн СМС-билдирүүлөрдү коштуруп алууну сунуштайт. Анткени эсебиңизден кетип жаткан ар бир тыйын тууралуу банк өз кардарына ошол замат отчёт берип турат.