"Багыт" партиясы кимдерден куралды. Тизмени сатуучу, мугалимдер толуктайт

Партиянын курамына кирген талапкерлердин эң улуусу 66, кичүүсү 26 жашта. Жалпысынан тизмеге 45 адам кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесин жарыялады. Анда ар бир талапкердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жазылган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Багыт" партиясынын талапкерлери менен тааныштырат. Партия мүчөлөрүнүн эң улуусу 66, кичүүсү 26 жашта. Жалпысынан тизмеге 45 адам кирген.