"Легалайз" саясий партиясы менен шайлоого аттангандардын тизмеси

Ноябрдын соңунда өтчү шайлоодо тизмеге чек коюлуп, алардын санын 54төн ашырбоо эрежеси киргизилген. "Легалайз" партиясы 27 талапкери менен катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын курамы тууралуу маалымат жарыяланды.
"Легалайз" саясий партиясы алгач 29 мүчөсү менен шайлоого бара турганын билдирген. Документтерди өткөргөндөн кийин БШК эки талапкерди каттоодон баш тартты.
Аталган партиянын тизмесиндегилердин жетөөсү иштесе, калгандары ишсиз. Арасында фитнес боюнча машыктыруучу да бар.