Басылбаган жөтөл, ич өтүү. Рактын анча аңдабаган баштапкы белгилери аталды

Адис 40 жаштан кийин сөзсүз жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп туруу зарылдыгына токтолуп, бул ыкма дартты эрте аныктоого жардам берерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россияда Лапино-2 онкологиялык борборунун башкы дарыгери Михаил Давыдов рактын көз жумуп коюуга болбой турган баштапкы белгилерин атап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адис төмөндөгү белгилер башка оорудан да кабар бериши мүмкүн экенин эскертип, ошентсе да аларга маани берип, дарыгерге көрүнүп коюуну эскерткен.
"Биринчиден, эгер жөтөл тынбай бир айга чейин созулса, сөзсүз көрүнүү керек. Ал бронхит же башка сезондук оорулардан кабар бериши мүмкүн. Бирок бул өпкө рагынын же баш, моюндагы шишиктин белгиси да болушу ыктымал. Кокус жөтөлгөндө кан чыкса, анда сөзсүз дарыгерге баруу кажет", — деген медик.
Үн өзгөрүп, кырылдап чыккан учурда да көрүнүүнү сунуштаган. Анткени тамакта шишик пайда болгондо да ушундай белги бериши мүмкүн.
Дарыгер: эмчек рагына ашыкча салмак менен жабыркагандар да кабылышы мүмкүн
Тизмедеги үчүнчү белги  — тамактын сиңбей калышы. Башкача айтканда, жоон ичегиде шишик пайда болгон учурда ич катып же тынбай өтүп калат. Мындай учурда да тезинен медиктерге кайрылуу зарыл.
Адис 40 жаштан кийин сөзсүз жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп туруу зарылдыгына токтолуп, бул ыкма дартты эрте аныктоого жардам берерин кошумчалаган. Мындан тышкары, ажатканага тез-тезден баруу, же тескерисинче, шейшеби бекип калуу да оор илдеттен кабар берчү белги болуп саналат.
"Тынбай зарна болуу, тамак жутууда кыйналуу — ашказан рагынын белгилерин бири. Жумуртка же жатында рак пайда болгондо далы, жамбаш ооруп, ич көбүшү ыктымал. Мындан тышкары, калдын өзгөрүүсүн байкап туруу керек", — деген онколог.
Давыдов дайыма чарчап, түндө тердеп, ысып, себепсиз салмак таштап, башы ооруган бейтапка да дарыгерге барууну сунуштаган.